Токтогулда ири өлчөмдөгү баңгизатты сатууга шектелген жаран кармалды
ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатты сатып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды жайылтып жүргөндөр жөнүндө маалымат алышкан. Ошондой эле, алар сатып алуучуларды издеп жаткандыгы жөнүндө дагы ыкчам маалыматка ээ болушкан.
Ушул жылдын март айынын башында бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Баңгизат сатуучуларды аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операцияны жүргүзүшкөн.
"Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу М.Н. аныкталган. Март айынын башында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу фактысы аныкталып, милиция кызматкерлери өзгөчө кескин жыты бар затты алышкан. Экспертиза тастыктагандай, бул баңгизат 54,21 граммды түзгөн каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыккан.
Мындан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизаттын кезектеги партиясын сатуу учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу 1971-жылы туулган М.Н. кармашкан. Кароо жүргүзүү учурунда баштыктан ширенкенин кутучасы түрүндөгү 20 брекеттелген зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат 226,11 грамм салмактагы каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыкты. Шектүүдөн жалпысынан 280 грамм гашиш алынды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bagizatty-satyp-zhrgng-shektelgen-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×