Ошто 31 жаштагы мугалим баңгизат сатуу менен алектенгенге шектелип кармалды

8 февраль 2024 18:35 1383 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, милицияга 31 жаштагы аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты маалыматты каттоо журналында катталган. 

Маалыматты текшерүү учурунда  ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген “Ш” аттуу аял көптөн бери баңгизатын таратып жүргөндүгү аныкталган.

“Ош шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте 1 кг ашык “гашиш”  баңгизатын сатууга аракет кылган  1993-жылы туулган Р.Ш.  аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылыйык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-31-zhashtagy-mugalim-bagizat-satuu-menen-alektengen-degen-shek-menen-karmaldy



Добавить комментарий