Токмоктогу жабылып калган батирден аял кишинин сөөгү табылды

8 июль 2020 09:47 1768 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмоктогу батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Кечээ, 7-июль саат 20:50дө Токмок шаарындагы 3-кичи районунда жайгашкан үйдөгү батирдин эшиги жабылып калган. Аны ачуу үчүн ӨКМдин

№21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

“Куткаруучулар аталган аймакка жеткенге чейин, туугандары эшикти ачышкан, андагы батирдин ичинен 1950-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылды”, - деп айтылат маалыматта.

Маркумдун денеси ИИМдин кызматкерерине өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmoktogu-zhabylyp-kalgan-batirden-ayal-kishinin-sg-tabyldy



Добавить комментарий