Индияда 17 күн урап калган тунелдин алдында жаткан жумушчулар аман-эсен куткарылды

29 ноябрь 2023 17:58 1159 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиялык куткаруучулар өлкөнүн түндүгүндөгү Уттаракханд штатында ураган туннелдин урандыларынын астында калган 41 жумушчуну жер үстүнө чыгарышты. Жумушчулар урандылардын астында 17 күндөн ашык болушкан. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Басылмада маалымдалгандай, туурасы 13 метрлик тоннелдин ичинде түзүлгөн убактылуу медициналык лагерде куткарылган бардык кызматкерлердин ден соолугу текшерилет.

"Силкьяра туннели урап калганда уранды алдындагы 41 жумушчу ийгиликтүү куткарылганы мени абдан жеңилдетти. Бул акыркы жылдардагы эң маанилүү куткаруу операцияларынын бири болгон жакшы координацияланган көп ведомстволук аракет болду", — деди автомобиль транспорт министри Нитин Гадкаринин билдируусу.

Индиянын бийликтери 28-ноябрда куткаруучулар түндүктөгү Уттаракханд штатында таштарды бургулоодон кийин урап түшкөн туннелде камалып калган жумушчуларды чыгара баштаганын жарыялады. 17 күн жер алдында жарык, кычкылтек, тамак-аш, суу жана дары-дармек сыяктуу негизги муктаждыктар менен камсыз болуп турушкан. 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди куткарылган жумушчуларга кайрылып: "Сиздердин кайраттуулугуңуздар жана чыдамдуулугуңуздар баарын шыктандырат" деди. 

Эскерте кетсек, 11-ноябрда Индиянын түндүгүндөгү трассалардын биринде туннель урап, 40ка жакын жумушчу урандылардын астында калган. Кыйроо көптөгөн индус храмдары жайгашкан Уттаркаши шаарынын жанындагы Юттаракханд тоолуу штатында болуп, зыяратчылар менен туристтерди өзүнө тартып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-17-kn-urap-kalgan-tuneldin-aldynda-zhatkan-zhumushchular-aman-esen-kutkaryldy



Добавить комментарий