Токмокто «Яндекс Go» такси кызматынын кеңсесине кирип келип опузалаганга шектүү жаран кармалды

10 март 2023 12:53 798 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмокто «Яндекс Go» такси кызматынын кеңсесине кирип келип, ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, опузалаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Буга чейин, соцтармакта аталган такси кызматынын Токмок шаарындагы кеңсесине белгисиз жарандар кирип келип, коркутуп, ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып жаткан видео таркаган.

“26-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 26 февраль күнү саат 16:00 убакытта белгисиз 6-7 жаран Токмок шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Салтанат Кейджи» фирмасынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутушкан билдирген. Ошондой эле имаратта илинип турган фирманынын баасы 3 000 сомду түзгөн жарнама баннерин айрып, мажбурлап Токмок шаарынан чыгып кетүүгө аргасыз кылышканин кабарлар. Чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Токмок ШИИБдө аталган окуя боюнча Кыргызс Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 208-статьясы (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.  

Тергөөнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар «Яндекс Go» такси кызматынын Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышканы такталып, кеңсеге келген жарандардын аты жөнү толук такталган.  

Чүй ОИИББнын жана Токмок ШИИБнүн кызматкерлиринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгы менен 9 март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988 жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда Ч.К. үйүнөн газотравматикалык тапанчанын октору табылды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-yandeks-go-taksi-kyzmatynyn-kesesine-kirip-kelip-opuzalaganga-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий