Токмокто молдо: Добуш сатуунун арты кан төгүлүүгө алып келиши мүмкүн (видео)

15 сентябрь 2020 22:05 1114 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда дин кызматкери мусулмандарды коркутуп жаткан видео таркады.

Видео Токмак шаарындагы мечиттердин биринде тартылган.

Видеодо молдо  шайлоочуларга пара берсе, анын кесепеттери кандай болушу мүмкүн экендигин бийик тон менен айтып жатат. Бул тууралуу  “Барометр” билдирет.

Дин кызматкери пара берген киши да, алган киши да күнөөгө  батарын айтып, шариятта добуш сатууга тыюу салынарын эскерткен. Ошону менен катары эле, ал жалпы дин кызматкерлеринин атынан жашоосунда добушун сатып жаткандарга кайрылып, алар каза болсо эч ким жаназа окубай тургандыгын айткан.

“Силер эч качан кудайдын жазасынан качып, кутула албайсыңар. Добуш сатып алып жаткан депутаттар мандат алгандан кийин элди сатат. Бир тарабын өзбекке, бир тарабын дунганга сатып жиберишет. Биз добуш сатууну токтотпосок кан төгүлүү болот”, -деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ислам өлкөсү эмес, светтик мамлекет, өлкө шарияттын мыйзамдары менен эмес, Конституцияда белгиленген мыйзамдар менен жашайт. Демек, диний лидерлер көзөмөлдөө органдарынын функцияларын аткарууга укугу жок. Кыргызстанда добуштарды сатып алууга тыюу салынат. Бул мыйзамдын аткарылышына молдолор эмес, тиешелүү мамлекеттик органдар жооп берет. Бул видео тасмадагы келтирилген айрым мисалдар жана коркутуулар улуттар аралык кастыкка алып келиши мүмкүн.

Буга байланыштуу  соц тармактын колдонуучулары укук коргоо органдарынан молдого карата чара көрүүнү суранып жатышат.


Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-moldo-dobush-satuunun-arty-kan-tglg-alyp-kelishi-mmkn-video



Добавить комментарий