Токионун калкы 14 миллионго жетти
Япониянын борбор шаары болгон Токионун калкы 14 миллионго жетти. Бул тууралуу маалыматты “Никкэй” гезити жазып чыкты.
Борбордогу Жогорку окуу жайлар, эл аралык мекемелер, айлык акынын көптүгү менен ал жашоочуларды өзүнө тартып жатканын басылма белгилейт.
1-апрелде эле Токионун калкынын саны 13, 93 миллионду түзгөн. Калкынын кескин өсүшү аталган шаардын экономикасы күч алганда 10 миллиондон ашкан (1962).
Бирок, учурдагы абалга байланыштуу жана аралыкта иш алып барууга мүмкүнчүлүктөрдүн келип чыгуусу менен шаардын сыртына чыгуу анын учурдагы санына өз таасирин тийгизет.
Японияда акыркы суткага алынган аалымат боюнча жалпы 17 251 учур катталган, анын 5 426 учуру Токиодо аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/tokionun-kalky-14-milliongo-zhetti
Добавить комментарий ×