Малиде үлпөт тойдо жардыруудан улам ондогон адамдар каза болушту

6 январь 2021 17:47 3966 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Африканын Мали Республикасында үйлөнүү тойдогу бомба чабуулунан ондогон адамдар каза тапты. Бул тууралуу A Bamako басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, аба соккусунан кеминде 20га жакын жай тургундар каза тапкан. Айрым чет өлкөлүк басылмалар жүзгө жакын адам курмандыкка айлангандыгын белгилеп жатышат.

Трагедия Малинин борбордук бөлүгүндө, Дуенза шаарына жакын жерде болгон. Маалыматта үйлөнүү-үлпөт тоюнун катышуучулары бомбаланганы айтылат.

Балким, аскер учкучтарынын катасынан улам ушундай жай түргүндар каза болушу мүмкүн. Малидеги жергиликтүү аба күчтөрү, БУУнун тынчтык күчтөрү, ошондой эле, Бархан операциясын жүргүзүп жаткан француз аскерлери аскердик авиацияга ээ.

Малидеги кырдаал 2012-жылдан бери туруктуу эмес. Козголоңчулар жана бир нече исламчыл топтор өлкөнүн түндүгүн басып алышып, өзүн-өзү Көзкарандысыз Азавад мамлекети деп жарыялап алышкан. 2013-жылы Франция Африка Республикасынын борбордук бийликтеринин көзөмөлү жардам берип, аймакты кайтарып, Малиге аскерлерин жөнөткөн. Андан бери исламчылар согушкерлерди тартуу үчүн этникалык атаандаштыкты колдонуп келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/tojdo-ondogon-adamdar-atkylap-kol-saluudan-ulam-kaza-bolushtu



Добавить комментарий