Той алып барган тамада Арстан Алайды сотко берди. Көрсө...

17 март 2020 17:32 5215 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектик тамада Урматбек Асанбеков Арстан Алайды сотко берип, Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу тамада өзү билдирди.

Асанбековдун айтымында, Арстан Алай маалымат жыйындардын биринде Кытайга коронавирусту ал жибергенин айтканын белгилеп, дал ушул вирустун айынан дүйнө жүзү анын ичинде Кыргызстан дагы жапа чегип жатканын белгилеген. Себеби, коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу үчүн Кыргызстанда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынган. Дал ушул тыюу салуу тамаданы жумушсуз калтырган.

Ленин райондук соту тамаданын жазган арызын каттоого алды.

Тамада моралдык жана материалдык чыгым катары Арстан Алайдан 50 миң сом өндүрүүнү көздөп жатат.

Эске салсак, коронавирустун жайылышын алдын алуу жана ага жол бербөө максатында Кыргызстандагы ресторан-кафелерде той-топур өткөрүүгө тыюу салынды. бул эрежеге баш ийбегендер жазага тартыларын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтып, эскерткен болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/toj-alyp-bargan-tamada-arstan-alajdy-sotko-berdi-krs



Добавить комментарий