Эрдогандын шайлоодогу негизги атаандашы 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

23 июнь 2023 15:54 500 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын оппозициялык Республикалык элдик партиясынын (CHP) лидери жана президенттикке талапкерлигин койгон Кемал Кылычдароглу 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Буд тууралуу Cumhuriyet басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Басылманын баяндамачысы Барыш Теркоглунун айтымында, депутаттык кол тийбестиги жок Кылычдароглу жакынкы күндөрү камакка алынышы мүмкүн. Иш Анкара прокуратурасына жөнөтүлгөнү белгиленди.   

"Кылычдароглу 110 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын саясий ишмердүүлүккө да тыюу салынышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө. 
 
 
 

Кылычдароглунун адвокаты Желал Челиктин айтымында, саясатчыга каршы 28 доо арыз берилген. Көпчүлүк учурларда арыз менен кайрылган президент Режеп Тайып Эрдоган болуп саналат. 

Кошумчалай кетсек, көпчүлүк доо арыздар боюнча саясатчы 4 жылга чейин, ал эми жалпысынан бардык сот иштери боюнча 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Эске салсак, президенттик шайлоодо утулгандан кийин Кемал Кылычдароглу парламентке өтпөй калып, Түркиядагы шайлоону “өлкө тарыхындагы эң адилетсиз шайлоолордун бири” деп атаган.   

Кылычдароглу жеңилгенин моюнга аларын же добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы чыгаарын айткан эмес.   
Бирок ал демократия үчүн күрөштү уланта берерин ишендирди.    

Белгилей кетсек, саясатчы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 47,82 пайыз добуш менен Эрдоганга утулуп калган.   

Ссылка: https://barometr.kg/erdogandyn-shajloodogu-negizgi-ataandashy-110-zhylga-erkinen-azhyratyly



Добавить комментарий