Өкмөт: той өткөргөндөр дагы, ресторанды ижарага бергендер дагы жазага тартылат
Коронавирустун жайылышынын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коронавирустан улам кабыл алынган тыюуларга карабай той өткөргөндөр жоопко тартыла турганын маалымат жыйында билдирди.
Өмүрбекова өз сөзүндө өкмөт буга чейин ири иш-чараларды өткөрбөй туруу боюнча сунушту бергенин кошумчалады.
“Той өткөргөндөр менен ресторанды ижарага берген тараптар мыйзам алдында жооп берет”, — деди ал.
Вице-премьер эпидемиологиялык абалды билип туруп башкалардын ден соолугун дагы коркунучка кириптер кылгандар Кылмыш жаза кодексинин жана Бузуулар кодексиндеги беренелер боюнча жоопко тартыла турганын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-toj-tkrgndr-dagy-restorandy-izharaga-bergender-dagy-zhazaga-tartylat
Добавить комментарий ×