Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жаран кармалды

20 январь 2022 13:53 1022 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө 17 январда Атай айыл аймагынын К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 15-январ түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында 17-январь күнү Бишкек шаарынын Ош базарында уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. тургуну М.Б. кармалган. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Б. 16-январь күнү дагы бир Тогуз-Торо районунун 1995-жылы туулаган Ж.М. аттуу кылмыштуу шериги менен биргеликте бир баш уйду уурдап келишип, союп, эттерин мүшөктөргө салып, Бишкек шаарына алып кеткендиги такталган жана тиешелүү далил буюмдар табылган.

Тогуз-Торо районунда адвокат жоктугуна байланыштуу кармалган жарандар үй камагына алынган. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodon-mal-uurdap-etin-bishkekte-satyp-zhatkan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий