Сокулукта аял киши ири өлчөмдө уурулук кылып, өзүнө унаа сатып алган

18 октябрь 2023 17:29 904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунда өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жасап, уурдалган буюмдар менен автоунаа сатып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 16-октябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө айыл тургуну арыз менен кайрылган. 

“Сокулук районунун жараны 1984-жылы туулган жараны үйүнөн ири өлчөмдөгү акчасын уурдатканын айтып милицияга кайрылган. 
15-октябрь күнү саат 18:00дөн 02:00гө чейинки аралыкта анын үйүнө белгисиз адамдар жашыруун кирип, уктоочу бөлмөсүнөн 2 000 000 сом, 4 000 000 рубль, 5500 АКШ доллары жана зер буюмдарын уурдап кеткен.

Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

17-октябрда Чүй облусунун ИИБнын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. 
Шектүү катары 1984-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалды. 
Шектүү КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучуга тиешелүү зер буюмдарын жана акча каражаттарын өз ыктыяры менен тапшырып, калган акчага 2016-жылы чыгарылган «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа сатып алгандыгын айткан. Учурда тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-ayal-kishi-iri-lchmd-uuruluk-kylyp-zn-unaa-satyp-algan



Добавить комментарий