Жалал-Абадда селден кийин 12 турак үй, унаа жолдор тазаланды (Сүрөт)
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда селден кийин тазалоо иштери толугу менен бүттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Такталган маалымат боюнча, 26-июлда саат 22:15 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Казарман айылынын Кадыркул көчөсүндө жайгашкан 12 турак үйдүн короолорун суу каптап, Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын Алиев көчөсүндө жайгашкан 9 турак үйдүн короолорун суу каптап жана анын ичинен 3 турак үйдүн ичине суу кирген. Мындан сырткары Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 13-16-чыкырым аралыктарын сел суулары каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.
Кечээ, 27-июлда жерине Тогуз-Торо району боюнча ӨКБнүн башчысы, Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 5 куткаруучу, ЖК комиссиясы жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, унаа жол жана турак үйлөрдүн короолору толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodogu-selden-kijin-12-turak-jzholdor-tazalandysrt
Добавить комментарий ×