Тогуз-Тородо мал уурулукка шектүү жарандар кармалды (сүрөт)
Тогуз-Тородо элдин малын уурдап саткан шектүүлөр тузакка илинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
19-октябрда Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 50 жаштагы тургуну Н.М. жергиликтүү милицияга арыз менен кайрылып, өз арызында 2020-жылдын апрель айында ошол эле райондун Каргалык айыл аймагына караштуу Тагай участкасындагы жайыттан белгисиз адамдар жашыруун экибаш уйун жана бир баш тай торпогун уурдап кетишкендигин, жалпы 170 000 (жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилгендигин билдирип, белгисиз кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 19-октябрда, Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын ЖКнин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жогорудагы маанидеги арыз менен Тогуз-Торо районунун аймагында жашаган жашоочулардан мал уурулук фактылары боюнча дагы сегиз арыз даттануулар түшүп, алар боюнча да сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар милицияга көмөктөшүп, кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун тургундары 1995-ж.т. К.Ж. жана 1991-ж.т. К.Т. экендиги аныкталып, шектүү катарында колго түшүрүлүп, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде ыкчам-иликтөө иш- чаралары андан ары да улантылып, шектүүлөр К.Т. жана К.Ж. өздөрүнүн кылмыштуу шериктери менен 2020-жылдын жаз айларынан бери Тогуз-Торо районунун аймагындагы жайыттардан жашоочулардын малдарын жашыруун уурдашып, оор жүк ташуучу “КАМАЗ” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөп, Сузак районунун аймагына алып барып сатып жүргөндүгү такталган. Ошондой эле, уурдалган 9 (тогуз) баш малдар Сузак районунун чек аралаш аймагынан табылып, Тогуз-Торо районуна алынып келинип, жабырлануучуларга тил кат менен кайтарылып берилген.
Милициянын бул жасаган ишине жергиликтүү тургундар ыраазы болушуп, мал ээлери кубанып, укук коргоо органдарынын иштерине ийгилик каалашып, уурунун тамырын кыя кескен азаматтарга ак баталарын беришти.
Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodo-mal-uurulukka-shekt-zharandar-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×