Түндүк-Түштүк унаа жолунун куруучусу 18 күндөн бери дайынсыз
Бөлүшүү:
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "Чайна-Роуд" компаниясынын дайынсыз жоголгон жумушчусу изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Тогуз-Торо районунда, 6-июлда болжол менен 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "Чайна-Роуд" компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек киши дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июлда келип түшкөн. 22-июлда издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 6 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып, андан натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 24-июлда издөө иш-чаралары улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodo-dajynsyz-zhogolgon-adam-tabyla-elek
Добавить комментарий ×