Аламүдүн капчыгайына кирип кетип, дайынсыз болуп жаткан жигитти издөө токтотулду

24 январь 2024 11:09 410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан жигитти издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кече, 23-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы жаран  кечки саат 18:00гө чейин изделди. Кечки жыйында  Маматаалы уулу Мухамедаалынын жакын туугандарынын куткаруучуларга карата билдирген ыраазычылыгы менен активдүү издөө иштери аяктаган.

Аны издөөгө 282 адам чыкса, анын 172си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды”, -деп жазылат маалыматта. 

Эске салсак, 14-январда Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып, акыркы жолу ошол түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасынын камерасынан тоо жакты көздөй бара жатканы аныкталган.

Аталган жаранды издөө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзгөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-kapchygajyna-kirip-ketip-dajynsyz-bolup-zhatkan-zhigitti-izd-toktotuldu



Добавить комментарий