Түндүк-Түштүк унаа жолунун куруучусу 18 күндөн бери дайынсыз

24 июля 2020 10:09 6703 Barometr
Поделиться в:
ok

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "Чайна-Роуд" компаниясынын дайынсыз жоголгон жумушчусу изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Тогуз-Торо районунда, 6-июлда болжол менен 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "Чайна-Роуд" компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек киши дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июлда келип түшкөн. 22-июлда издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 6 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып,  андан натыйжа болгон эмес.

Бүгүн,  24-июлда издөө иш-чаралары улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodo-dajynsyz-zhogolgon-adam-tabyla-elek



Добавить комментарий