Тогуз-Торо районунун Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам түшө албай калган чабандар аман-эсен үйлөрүнө келишти
Тогуз-Торо районунун Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам түшө албай калган чабандар 22-октябрь күнү ӨКМнин жардамы менен ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске салсак, 2018-жылдын 18-октябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш койлору менен “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган. Алар аман-эсен жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба-ырайы турукташканда айылга кайтышаарын билдиришкен.
2018-жылдын 19-октябрында чабандардын абалдарын жана жайлоого бара турган жолдун абалын билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен. Кар калын жаагандыктан, жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.
Жолду кардан тазалап, чабандарды мал жандыктары менен ашуудан түшүрүү үчүн КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун ыкчам тобу жана авариялык куткаруу унаасы, Сузак айыл аймагынын башчысы, 3 кызматкери жана 1 жүктөгүч чабандарга жардам берген.
КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасыр Закиров билдиргендей, учурда чабандардын абалы туруктуу жана алар жардам берген куткаруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.
Добавить комментарий ×