Тогуз-Тородо күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы жарылып, эки эркек киши жабыркады

17 февраль 2021 11:38 4411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тогуз-Торо районунуда оор жүк ташуучу унаанын цистернасы жарылып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылында болгон. Күйүүчү май ташыган унааны оңдоп жатып, ширетүү учурунда КамАЗдын цистернасы жарылып кеткен.

Кырсык болгон учурда, күйүүчү май куюлган цистерна бош болгон. Жаракат алган эки эркек киши дароо ооруканага жеткирилген. 

Окуянын натыйжасында, 1988-жылы туулган жаран хирургия бөлүмүнө, ал эми,  1987-жылы туулган Т. уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodo-kjch-maj-tashygan-unaanyn-cisternasy-zharylyp-eki-erkek-kishi-zhabyrkady



Добавить комментарий