Тогуз-Торо районунун Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам түшө албай калган чабандар аман-эсен үйлөрүнө келишти

23 октябрь 2018 15:05 1892 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тогуз-Торо районунун Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам түшө албай калган чабандар 22-октябрь күнү ӨКМнин  жардамы менен  ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Эске салсак, 2018-жылдын 18-октябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан”  жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш койлору менен  “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган. Алар аман-эсен  жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба-ырайы турукташканда айылга кайтышаарын билдиришкен.

2018-жылдын 19-октябрында чабандардын абалдарын жана жайлоого бара турган жолдун абалын билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн  куткаруучулары авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен. Кар калын жаагандыктан, жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.

Жолду кардан тазалап, чабандарды мал жандыктары менен ашуудан түшүрүү үчүн КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун ыкчам тобу  жана  авариялык куткаруу унаасы, Сузак айыл аймагынын башчысы, 3 кызматкери жана 1 жүктөгүч чабандарга жардам берген. 

КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник  Абдулнасыр Закиров билдиргендей, учурда  чабандардын абалы туруктуу жана алар жардам берген куткаруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/toguz-toro-rajonunun-alakan-zhajloosunda-kaly-zhaagan-kardan-ulam-tsh-albaj-kalgan-chabandar-aman-esen-jlrn-kelishti



Добавить комментарий