"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери иш таштап, митинге чыгышты

30 октябрь 2020 10:42 1914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-октябрда, "Улуттук энергетикалык холдингдин" жанында "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлеринин митинги өтүп жатат. Алар аталган ишкананы мурунку директору Доскул Бекмурзаевди акционердик коомдун башкы директорлугуна кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек,  27-октябрда,  "Түндүк электр" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Улан Астаркулов ишкананын директору болуп келген.

Митингчилер "Иш билген адам иштесин" деген плакаттар менен чыгышкан.

Учурда митингчилер, койгон талаптарын президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жеткириүү үчүн Ак үйгө аттанышты.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-ishkanasynyn-kyzmatkerleri-ish-tashtap-mitinge-chygyshty



Добавить комментарий