«Түндүк электр»​ ишканасы Талас облусунда электр жабдыктарын оңдоо иштерин баштады

2 апрель 2019 10:48 910 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

«Түндүк электр» ААКы Талас шаарында өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 36 чакырымдан ашуун аба электр чубалгыларды реконструкциялайт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, март айынан тарта «Түндүк электр» ААКнын Талас филиалы Талас облусунда жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо, капиталдык курулуш, электр жабдыктарын техникалык жактан кароо иштерин алып барууда.

Адистер Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук электр тармактарындагы жана Талас шаарындагы 586 чакырымдан ашуун 10/0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгыларын жана 189 даана трансформатордук көмөкчордондорду оңдоп, 335 чакырым аба электр чубалгыларынын боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыркып, 114 трансформатордук көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатышат.

Быйылкы жылы Талас шаарына; Талас районундагы Көпүрө-Базар, Үч-Эмчек, Кара-Суу айылдарына; Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылына; Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылына, Манас районундагы Көк-Дөбө айылына 8 кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотулат.

Мындан сырткары, Талас шаарында өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ чыңалуусундагы 36,4 чакырым аба электр чубалгылары реконструкцияланат. Реконструкциянын жүрүшүндө энергетиктер жаңы 362 темирбетон тирөөчтөрүн орнотушат.

Эске салсак, «Түндүк электр» ААКнын балансында Талас шаары боюнча 206 чакырым төмөнкү вольттогу аба чубалгылары бар, анын ичинен 130 чакырымы өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкцияланган. Иш жүзүндө байкалгандай, өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу трансформатордук көмөкчордондун ашыкча жүктөм менен иштөө маселесин жокко чыгарып, берилген электр энергиянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулашына алып келди.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-ishkanasy-talas-oblusunda-elektr-zhabdyktaryn-odoo-ishterin-bashtady



Добавить комментарий