Ошто энергетика тармагында кызматкерлер ири өлчөмдө акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан

21 октябрь 2022 14:58 1254 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында электр тармактар ишканасында кызматкерлер ири өлчөмдө акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан. 

Текшерүүдө, Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Ош РЭТ) кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар боюнча расмий документтерге билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен 2020-2021-жылдар аралыгында электр жабдуулары жана материалдык баалуулуктар негизсиз чыгымдалып, ишенип берилген каражаттарды өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтирилген.

“Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык РЭТнин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, -деп жазылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/oshto-energetika-tarmagynda-kyzmatkerler-iri-lchmd-akchany-zdrn-yjgaryp-alyshkan



Добавить комментарий