Инвестиция министрлиги Орто-Токой ГЭСи куруу тууралуу долбоорду сунуштады

19 август 2021 15:07 1538 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов бүгүн, 19-августта кыргыз-россия ишкер-форумунда Орто-Токой жана Киров чакан ГЭСтеринин курулушу боюнча долбоорду тааныштырды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстанда 120дай чакан ГЭСти курууга болот. Ал Кыргызстанда жаңыланып туруучу энергия булактары “жөнөкөй” мыйзамдар менен жөнгө салынарын кошумчалады.

“Биз Орто-Токой чакан ГЭСинин долбоорун сунуштайбыз, анын кубаттуулугу 20 Мгвт, курулуштун мөөнөтү 2 жыл. Ошондой эле Киров чакан ГЭСинин долбоору бар, анын кубаты 21 Мгвт.саат, агрегатынын кубаттуулугу 10 Мгвт, долбоор 10 жылда өзүн актайт”,-деп айтты орун басар.

Ссылка: https://barometr.kg/investiciya-ministrligi-orto-tokoj-gesi-kuruu-tuuraluu-dolboordu-sunushtady



Добавить комментарий