Энергетика министрлигинин кызматкерлери кышка от казандарын ала турган акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан

14 октябрь 2022 12:43 725 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында кышка даярдыкты текшерүү учурунда от казандарды сатып алына турган акчаны энергетика министрлигинин кызматкердери өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплокоммунэнерго» мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлгөн.

“Алсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИде «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИнин «Нарын МПТ» филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү болуп «О.ц.З.К.» ЖЧКсы табылган.
«Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ менен аталган ЖЧКнын ортосунда жалпы суммасы 9 млн 499 миң 840 сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50% өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 млн 749 миң 920 сомду түзгөн алдын ала төлөм төлөнүп берилген.
Келишимдин шарттарына ылайык, «О.ц.З.К.»  ЖЧКсы 2022-жылдын 31-июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон.
Бирок, аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдаланбастан, бул каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада «О.ц.З.К.»  ЖЧКсы ушул күнгө чейин жогоруда аталган от казандарды сатып алуучунун – «Кыргызтеплокоммунэнерго» Мамлекеттик ишканасынын кампаларына жеткирбегендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/energetika-ministrliginin-kyzmatkerle-kyshka-dayardyk-chn-ot-kazandaryn-ala-turgan-akchany-zdrn-yjgaryp-alyshkan



Добавить комментарий