«Түндүк электр» ишканасы Бишкектеги эскирген электр өткөрүүчү чубалгыларын жаңылоодо

4 апрель 2019 11:01 1325 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

4-марттан баштап «Түндүк электр» ишканасы №4 шаардык оорукана тарапта 10 кВ чыңалуусундагы эскирген чубалгыларын алмаштыруу боюнча иштерин алып  барууда. Бул чубалгынын жалпы узундугу 520 метрди түзөт, бүгүнкү күнгө анын  270 метри алмаштырылган. Ишке «Түндүк электр» ишканасынын борборлоштурулган кабель чубалгыларын оңдоо кызматы (БКЧОК) тартылган. Жаңы кабелди тартуу үчүн электр куроочулар Айни көчөсүнүн тилкесиндеги №4 шаардык оорукананын аймагында жүрүп жатат. Учурда 80 см тереңдикте жерди казыр даярдап коюшту.  Кайрадан жаңы тартылып жаткан жогорку вольттогу россиянын кабель чубалгысынын өткөрүмдүлүгү 185мм² түзөт. Ал 1975-жылы тартылган эски кабель чубалгысынын өткөрүмдүлүгүнөн (150мм² ) бир топ жогору.

“Эскирген кабель чубалгыларын жаңылоо боюнча иштердин натыйжасында №4 Бишкек шаардык  клиникалык ооруканасынын, Республикалык кан борборунун өндүрүш корпустарынын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгү жогорулайт. Жалпысынан оорукана тарапта 2,5 чакырым эскирген кабель чубалгылары реконструкцияланат”,- деп БКЧОКтун жетекчиси Азамат Курманов Вarometr.kg сайтына билдирди.

«Түндүк электр» ишканасы 2019-жылдын соңуна чейин борбор калаадагы  6/10 кВ чыңалуусундагы эскирген кабель чубалгыларынын 52,7 чакырымын алмаштырууну мерчемдөөдө. Учурда кабель чубалгысын алмаштыруу иштери Логвиненко-Бөкөнбаев, Тыныстанов-Түгөлбай ата көчөлөрүндө уланууда.    

Эскирген 6/10 кВ кабель чубалгыларынын реконструкциясынан сырткары Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуусундагы кабель чубалгыларын куруу боюнча иштер да жүргүзүлөт. 2019-жылы Бишкекте 2 чакырым 35 кВ кабель чубалгысы курулат.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-ishkanasy-bishkektegi-eskirgen-elektr-tkrch-chubalgylaryn-zhayloodo



Добавить комментарий