“Түндүк” бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев кармалды
Бөлүшүү:
“Түндүк” бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Алдын ала билдирүүлөргө караганда, Айбашевдин үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Эске салсак, Нурбек Айбашев 2016-жылдын 21-апрелинен баштап 2018-жылдын май айына чейин “Түндүк” бажынын башчысы кызматын аркалап келген.
Мамлекеттик Бажы кызматы бул тууралуу маалыматынын жоктугун айтса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы комментарий берүүдөн баш тартты.
Ссылка: https://barometr.kg/tndk-bazhynyn-murdagy-bashchysy-nurbek-ajbashev-karmaldy
Добавить комментарий ×