Түн жамынып дүкөндүн эшигин бузуп кирүүгө аракет кылган 19 жаштагы жаран кармалды

11 февраль 2021 12:30 1939 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында түн ортосунда 19 жаштагы жигит дүкөнгө ууруга кирүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

2021-жылдын 9-февралында саат 01:09 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн  кайтаруусунда турган Матросова көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен коогалаң белгиси Борбордук көзөмөл түйүнүнө келип түшкөн. 

"Бөлүмдүн 1-взводунун   №353 кармоо тобунун кызматкерлери 4 мүнөттүн ичинде чакыруу келген жерге жетишкен. Барган учурда дүкөндүн темир эшиги ийилип жана кулпусунун ичинде зым тыгылып турганын байкашып, дароо бөлүмдүн нөөмөт бөлүмүнө билдирип, дүкөндү көздөй баратканда ичинен азият улутундагы жашы 20-23 жаштагы жигит качууга аракет жасаган, ошол заматта Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн №353 кармоо тобунун кызматкерлери чуркап барып, качырбай кармап калышкан. Кармалган жаранга шек санап сырттан текшерүү жүргүзгөн учурда чөнтөгүнөн темир кескен араа жана машина оңдоочу ачкыч (разводной ключ) бар болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында мекеменин ээсин чакырып айланасын, ичи сыртын карап текшерип, Күзөт кызматынын Борбордук көзөмөл түйүнүнө тапшырылган. Кылмыш изи сууй электе кармалган 2002-жылы туулган жаран уурдоого аракет жасоо фактысы менен биз тараптан тиешелүү иш кагаздары жазылып, Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/tn-zhamynyp-dkndn-eshigin-buzup-kirg-araket-kylgan-19-zhashtagy-zharan-karmaldy



Добавить комментарий