Бычакталган кыздын өлүмүн Чүй ОИИББинин башчысы жеке көзөмөлүнө алды

29 сентябрь 2020 11:20 1155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылында 26-сентябрга караган түнү үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен. Чүй ОИИББинин башчысы бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын башкармалыктын басма сөз кызматынан “Барометрге” билдиришти.

"Учурда тажрыйбалуу кызматкерлер бул окуянын үстүнөн иштеп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айрым маалыматтар айтылбайт", - деп жазылат маалыматта.

26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/tmnk-ala-archa-ajylyndagy-kyzdyn-lmn-chj-oiibbinin-bashchysy-zheke-kzmln-aldy



Добавить комментарий