Өткөрмө кагазын алуу үчүн бир суткада 13 миңден ашык билдирме түштү

2 май 2020 14:31 1045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

30-апрелден 1-майга чейин өткөрмө кагаз алуу үчүн 13043 билдирме түшкөн. Алардын ичинен 1 687си жактырылды, ошондой эле сутка бою иштегенге – 41 автоунаага, күндүз иштегенге – 1092 автоунаага, жөө жүрүүгө 554 өткөрмө кагаз берилди. 10521 билдирме боюнча баш тартылды жана 835и каралып жатат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Негизинен сайтта белгиленген тизмеде көрсөтүлгөн зарыл документтер толук берилбегендиги, же арыз туура эмес толтургандыгы өткөрмө берүүдөн  баш тартууга себеп  болду.

Ал ошондой эле, келип түшкөн арыздарды кароо үчүн атайын топ дагы түзүлгөнүн кошумчалады.

«Жарандардын өткөрмө кагаздарын алууга кайрылууларын ыкчам кароо үчүн комендатуранын буйругу менен атайын топ түзүлдү.

Ага министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирет.

Жооптуу болуп борбор калаанын төрт районунун акими дайындалды, алар аймактагы бардык объектилер боюнча актуалдуу маалыматтарга ээ болушат. Мисалы, Мамэкотехинспекциянын өкүлү курулуш объекттери боюнча билдирмелерди текшерет, өнөр жай чөйрөсү боюнча ӨЭЖП мамлекеттик комитети карайт, патенттер боюнча салык кызматкерлери ж.б. Эгерде ишмердүүлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталса, анда арыздар жактырылат», - деди Алымкулов.

Ссылка: https://barometr.kg/tkrm-kagazyn-aluu-chn-bir-sutkada-13-miden-ashyk-bildirme-tsht



Добавить комментарий