"Түкүрүк баатыр" жасаган иши үчүн түшүндүрмө берди
Кечээ, 7-январда интернет булактарына Ак үй тарапка "атайын түкүрүп" аны видеого тарткан жигиттин окуясы катуу талкууну жатаркан. Көпчүлүк ал жигитти "Түкүрүк баатыр" деп атоого да жетишкен.
Жигит тиешелүү кызматкерлер тарабынан дароо издөөгө алынып, Тоң районунун тургуну экендиги такталган. Ал милиция бөлүмүнө жеткирилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.
Сурак берүүдөн чыккандан кийин жигит:
"Болгонун болгондой жазып бердим. Мыйзам боюнча жоопкерчиликти тартууга мен даярмын. Мени үгүттөгөн менин артымда эч ким жок. Мен бул ишти болгону карапайым элдин үнүн угушсун деп жасадым" -деп өз ишине түшүндурмө берди.
Ал эми бул видеону New.TV каналы жеке Youtube каналынан жарыялады.
Видеодо "Түкүрүк баатырды" колдоп Тоң районунун жаштары чогулганын көрүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/tkrk-baatyr-zhasagan-ishi-chn-tshndrm-berdi
Добавить комментарий ×