Ак үйдү курчаган тосмо кайра орнотулбайт

21 июнь 2021 13:00 2685 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Ак үйдү курчаган тосмо кайра орнотулбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, парламенттин имараты ачык бойдон калат. Ошондой эле, ал жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

«Урматтуу мекендештер! Ак Үйдү курчаган тосмо ка йра орнотулат деген туура эмес маалымат таркалууда. Тосмо кайра орнотулбайт жана парламенттин имараты ачык бойдон калат. Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер!» - деп жазган спикер. 

Ак үйдүн имаратын курчаган тосмо октябрь окуяларынан кийин алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-jd-kurchagan-tosmo-kajra-ornotulbajt



Добавить комментарий