Бишкекте блокпосттордон өтүүдө колдонулган уруксат кагазды берүүдө акча талап кылган милиционер кармалды
1-апрелде КР УКМК жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынны алкагында Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБ кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блокпостордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылганы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/tkrg-ukuk-berch-kagazdardy-satuu-faktysy-boyuncha-miliciya-kyzmatkeri-karmaldy
Добавить комментарий ×