Тест: Өзүңүздүн акча энергияңыздын деңгээлин билип алыңыз!

15 июль 2021 22:02 4438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акчаны топтой аласызбы, же айлыктан айлыкка жеткирип гана жашайсызбы? Сиздин акча табууга, аны иштетүүгө жана топтоого энергияңыз канчалык? Бул жааттагы тестти barometr.kg сизге сунуштайт.

Бул үчүн капчыктар тартылган сүрөттү карап көңүлүңүзгө жаккан капчыкты тандап алыңыз. Жообу төмөндө.

1-капчык

Сиздин чыгашаларыңыз кирешеңизден же керектөөңүздөн көптүк кылат. Иштеп тапкан акчаңыз көп учурда эле баардык каалоолоруңуздун аткарылышына жете бербейт.Сиздин насыяңыз же болбосо ипотекаңыз болушу да ыктымал. Акча энергиясы терс эмоцияларды жактыра бербейт, бул маселенин үстүндө иштеп кирешеңизди дагы көбөйтүңүз.

2-капчык

Сиз тапкан акчаны жеңил гана коротосуз жана короткон чыгашаларыңызды эсептеп-чоттоп туруудан такыр эле качышыңыз мүмкүн. Кээде тапкан айлыгыңыздын жарымын дагы бир мүнөттүк эмоцияларыңыз үчүн чачып жибергенге жөндөмдүүсүз. Инвестиция, топтоо, банкка акча салуудан көрө “ушул жерде жана азыр колдонушум керек” деп жашаганды жактырасыз. Акча энергияңыздын көлөмү орто. Жоопкерчиликтүү болсоңуз акчаңыз бат эле чогулмакчы.

3-капчык

Сиз акчаны коротуп жатканда жоопкерчилик менен мамиле кыласыз, ыгы менен коротууну жана керектөөнү, бөлүштүрүүнү да билесиз. Акчанын баасын билесиз.Керектүү сумманы топтоп гана жетишпестен аны келекчектүү иштерге иштекенди дагы билесиз. Акча энергияңыз жетишерлик жогору.

4-капчык

Сиз акчаны баалайсыз, бирок таптакыр эле ага фанат болуп кетпейсиз.Баарын орду менен колдонгонду билесиз, дайыма акчалуу жүрөсүз. Акча энергияңыздын деңгээли абдан жогору, аны сактап өнүктүрсөңүз мындан көп каражатка ээ болосуз.

Ссылка: https://barometr.kg/test-zzdn-akcha-energiyayzdyn-degeelin-bilip-alyyz



Добавить комментарий