Тест: түгөйүңүз менен никеңиз канчалык бекем?

12 август 2021 17:09 1710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сиздин никеде кандай мамиле күтөт жана жолдошуңуз, жубайыңыз менен мамилеңиздер кандай? Бул тууралуу тестти barometr.kg сунуштайт. Бул үчүн төмөнкү сүрөттү карап көңүлүңүзгө биринчи жаккан жупту тандаңыз.

№ 1 түгөйлөр

Бул түгөйлөрдү тандасаңыз анда сиздин мамилеңиз бекем, чыныгы бири-бирин колдогон жуптарсыздар. Алтын тойго чейин жашап, турмушта кармашкан колдоруңуз үзүлбөй бактылуу болууга толук мүмкүндүгүңүз бар.Эң негизги азыркы жылуу, назик, камкордук кылган мамилени карманганга аракет кылыңыздар.

№2 түйгөйлөр

Бул түгөйлөрдү тандасаңыз анда сиздин жуп элди тымызын дагы, ачык дагы суктандыра турган жуп. Жашоону түгөйүңүзсүз элестете албайсыз. Бирге жашап чогуу карап, бактылуу карылыкка жеткенге толук мүмкүндүгүңүз бар болгон гармониялуу никеде турасыз.Ар дайым мамиледе орток тил таба билесиздер. Сүйүүнү коргоп, сактап аяр мамиле кылыңыздар.

№3 түгөйлөр

Сиздин мамилелерде таарынышуу да, табышуу дагы көп орун алып келет, көп сынактардан өтүп келе жатасыздар. Балким сиздин сабырыңыз түгөнүп кеткен шашма адамсыз же жубайыңыздын кайсы бир сапаттары кээде ачууңузга аябай тиет. Мунун баары мамилелердин кризисине алып келет. Бирок бириңиздер бул никени сакташ үчүн аракет кылып келе жатасыздар. Мамилелердин үстүнөн ар дайым иштөө талап кылынат.

№ 4 түгөйлөр

Сиздин никеде чыныгы сезим жана күчтүү сүйүү бар. Бирок жалпы кызыкчылыктар үчүн тема жетишсиз.Көбүрөөк чогуу болуп, биргеликте иш кылууга аракет кылыңыз.Антпегенде мамилелер жакынкы жылдарда муздап калышы толук мүмкүн. Мамилелердин үстүнөн иштеңиз баардыгы жакшы болот.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/test-tgjz-menen-nikeiz-kanchalyk-bekem



Добавить комментарий