Тест: колуктуну тандап, мамиледе сизге эмне жетишпей жатканын билип алыңыз!
Эркек менен аялдын ортосундагы идеалдуу мамиле кинодо гана болот деп коюшат.Төмөндө психологдор тарабынан түзүлгөн тестти barometr.kg сунуштайт.Бул үчүн төмөнкү сүрөттү карап, сизге жаккан колуктунун сүрөтүн тандаңыз!
№1 колукту. Сиздин мамилелер туруктуу жана тынч. Бирок жубайыңызга же жолдошуңузга өзгөчө ысык деле сезим жок.Күндөр бири-бирине окшош эле кайталынып жаткандай туюлат. Дал ушул окшош күндөрдөн улам сүйүүңүз өчүп барткандай сезилет.Жашооңузга романтика жана жан дүйнө менен берилип сырдашуу жетпей турат.
№2 колукту. Жашооңуздун баары башаламан болгондой сезип жатасыз. Дал ошондой. Жакын адамыңыз жана сиз тынбай, талбай иштеп бири-бириңиздерге убакыт жок.Же болбосо сиз абдан бийик максаттарды алдыга коюп алып, мамилеге такыр убакыт жок. Жубайыңыз менен жөн гана эс алуу, тынчтыкта отуруп, бири бириңиздерге көңүл буруу жетишпей турат!
№3 колукту. Бир кездерде жакыныңыз менен тынбай сүйлөшүп, сырдашып турчусуз. Дүйнөдө болгондун баарын айтып, кабатыр болгон кездериңизди бөлүшчүсүз. Азыркы учурда эмоционалдык байланышыңыз жоголгон. Өзүңүзчө сырыңызды катып жүрөсүз. Көбүрөөк ачык болуп сүйлөшүү сизге жетишпей турат.
№4 колукту.Сизди каржы маселелери абдан тынчсыздандырууда жана материалдык баалуулуктар жетишпей жатат деген ойдосуз. Балким бул маселе чын эле реалдуудур же шүкүр кылбай эле, колуңуздагы баалулуктарды көрбөй жатасыз. Мындан улам жан шеригиңизге ачуу айтып ачууңузду чыгарган учурлар көп.Тынчтанып маселени башка көз караш менен караганга аракет кылыңыз!
Ссылка: https://barometr.kg/test-koluktunu-tandap-mamilede-sizge-emne-zhetishpej-zhatkanyn-bilip-alyyz
Добавить комментарий ×