Тест: кайсы жаныбарды биринчи көрдүңүз? Ал мүнөзүңүз тууралуу билдирет!

30 июнь 2021 20:55 7156 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзүңүздүн мүнөзүңүз тууралуу көбүрөөк билгиңиз келеби? Анда Barometr.kg сизге төмөнкү тесттен өтүүнү сунуштайт!

Бул үчүн жөн гана сүрөттүн карап, алгач көзүңүзгө элеси билинген жаныбарды тандайсыз. Сүрөткө беш жаныбардын элеси батырылган. Жообу төмөндө!

Мышык 

Эгерде мышыкты биринчи көрсөңүз сиз өзүңүзгө абдан ишенген  инсансыз. Башка бирөөнүн алдында башыңызды ийбейсиз, аткени өзүңүздү баркы-бааңызды билесиз.Өзүңүзгө туруктуу туруп, жеке чек араңызды коргой аласыз, жакындарыңыз да, душмандарыңыз да сизге  таасир бере албайт.

Жашооңузда болуп жаткан өзгөрүштөргө тез реакция жасайсыз. Жагдайга жараша өзгөрө билүү сиздин күчтүү тараптарыңыздын бири. Ыңгайлуулукту ушунчалык жактырасыз жана кара күч эмгегине караганда акыл эмгеги менен көбүрөөк иштейсиз. Адамдар менен тез тил табышасыз, амалкөйлүк, акылдуулук жана ийкемдүүлүк сиздин биринчи жардамчыларыңыз.

Ит

Эгерде сүрөттөн биринчи иттин элесин көрсөңүз, анда сиз достошуп жана бирөөгө жардам берүүдөн жолдуусуз. Сиз үчүн башкалардын пикири абдан маанилүү. Сиздин эң мыкты досторуңуз бар жана ар дайым жардамга кол сунушат. Дагы бир өзгөчө мүнөзүңүз бул чынчылдык. Сиз ар дайым чындыкты талап кылган адамсыз.    

Бүркүт

Сиз абдан өзүңүздү сыйлаган адамсыз жана өзүңүзгө берген бааңыз жогору. Мындан улам айланаңыз сизди текебер, бой көтөргөн адам деп ойлошу ыктымал. Эгер болуп жаткандар сизге жакпаса эч кимдин алдында жумшак карап отурбайсыз, адамдын жакпаганын түз эле бетине айтып саласыз. Кыйынчылыктан коркпойсуз. Лидерлик сапаттарга ээсиз жана өзүңүздү коргогонду билесиз. Жеке чегиңизди эч ким буза албайт.

Коен

Коендун элесин биринчи көрсөңүз. Адамдарга боорукер, аларды жакындан сезе билген адамсыз. Абдан мээримдүү жана башка бирөөлөрдү сыйлай билген адамдар.Башкарлардан шек күмөн санай берген учурларыңыз болот,ийгиликтуу болбой калат деп кээде иш баштабай жүрө бересиз. Тобокелге бел байлабай койгонуңуз сизге тоскоол болот.

Жылан

Жыландын элесин биринчи көргөн болсоңуз, сиз акылман, өз чегиңизди да өзгөнү дагы сыйлаганды билесиз, сабырдуу жана абайлап иш кылган адамсыз. Ар дайым эмоцияңызды тыя билесиз.Жети өлчөп бир кесенди жакшы көрөсүз.Адамдарга кыйын учурда көмөк көрсөткөндү билесиз.

Көпөлөк

Көпөлөктү биринчи көргөн болсоңуз ар дайым жүрөктүн үнүн уга билген, интуицияңыз күчтүү адамсыз.Башкаларга көмөк бергенден дагы көмөк сурагандан дагы тартынбайсыз. Бирок керек учурда өзүңүзгө турганды билесиз.Ар дайым бааңызды билесиз. Мээримдүү жана боорукер жансыз.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/test-kajsy-zhanybardy-birinchi-krdz-al-mnzz-tuuraluu-bildiret



Добавить комментарий