Темирлан Султанбеков ага кол салуу болгонун айтты

26 август 2021 18:35 1084 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бүгүн, 26-августта саат 01:20да унаанын мен отурган жерин аткылап кетишти”,-деп билдирди КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков.

“Ок даана жана катуу атылды, катуу үн чыкты. Менин айдоочум ылдамдыкты кескин көбөйттү. Бир саат өткөндөн кийин биз бул жерге кайсы бир белги таап калабызбы деп кайра барууну чечтик: ал жерде айнектин сыныктары чачылып жаткан, алыста дарактын артында бир адам туруптур, биз ага камераны багыттаганыбызда ал жашынып калды. Ок атуу 9 мм болгон травматикалык тапанчадан атылды деп болжоп жатабыз”,-деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/temirlan-sultanbekov-aga-kol-saluu-bolgonun-ajtty



Добавить комментарий