Телесабакка тартылган мугалимдер сыйланышты

3 июнь 2020 12:16 900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Карантин учурунда телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге министрликтин ыраазычылык баракчалары берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.  

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзгөчө абал учурунда аралыктан окутууга катышып, телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана карантин учурунда телесабактарга тартылгандыгы үчүн 9 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле, 35 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/telesabakka-tartylgan-mugalimder-syjlanyshty



Добавить комментарий