Чөгөлөп кечирим сураган кыздын окуясы. Класс жетекчиси жана тиешелүү мугалимдер жазага тартылат
Соцтармакта Сузак районунда окуучу кыздын классташынан чөгөлөп кечирим сурап жаткан видеосу тууралуу билим берүү министрлиги билдирүү таратты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, бул окуя боюнча мектептин тиешелүү мугалимдери жазага тартылат.
“Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебиндеги окуучу кызга байланыштуу социалдык тармактарга тарап жаткан видео боюнча айтсак, 2023-жылдын 31-январында 7-класстын окуучулары арасында болгон.
2023-жылдын 19-майында Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч.Койчуманова мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү.
Мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу А.Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш.Якубов, соцпедагог А.Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүүгүнө жараша мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×