Текебаевдин иши тууралуу документтер БУУга өттү
"Ата-Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу документтер БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырылды. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине “Адилет” укуктук клиникасынан маалымдашты.
Ага ылайык, Текебаевдин иши комитеттин кароосуна кезекке коюлду, бирок азырынча качан каралары так белгисиз. Ошондой эле, Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Жогорку сотко жаңы жагдайга- кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу арыз беришти. Жогорку Сот арызды кабыл алганы маалым болду.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.
Ссылка: https://barometr.kg/tekebaevdin-ishi-tuuraluu-dokumentter-buuga-tt
Добавить комментарий ×