Израилдин премьер-министри Газа тилкесинде ок атышууну токтотуунун жалгыз шартын жарыялады

13 ноябрь 2023 09:09 2037 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Израиль Газа тилкесине тынымсыз ок атууну токтотуунун негизги шартын айтты. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CNN телеканалына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Анын айтымында, палестиналыктар барымтага алып алган израилдиктерди бошотуу менен гана ок атууну токтотууга мүмкүн. 

«Ок атышууну токтотуунун жалгыз шарты барымтадагыларды бошотуу болот», - деди. 

Ошол эле учурда, ал "гуманитардык тыныгууларды" улантуу - бир нече саатка созуларын айтты.

Анын айтымында, Газа тилкесиндеги башкаруучу ХАМАС кыймылы Израилдин аскерий өнөктүгү түпкүлүгүндө “тартыла турган чексиз тыныгууларды” каалайт.

“ХАМАС узака созулган тыныгуу сурап, азыктанып, куралданып, атайын тунелдерден чыгып алгылары бар”,-деди Нетаньяху.

Ал арада Газа тилкесинде катуу салгылашуулар жүрүп жатканын Euronews телеканалы билдирди.

Нетаньяху Израилдин аскерлери Газаны курчоону аяктап, Аль-Шифа ооруканасынын жанында согушуп жатканын айтты. Нетаньяху мурдараак Хамас анклавдын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөй албай калганын жана согушкерлердин аймакта жашына турган коопсуз жайы калбай калганын билдирген.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси Израилдин чабуулдарынын натыйжасында 40 миңден ашуун турак жайдын кыйраганын билдирди. 222 миңден ашууну жабыркаган.

Жекшемби күнү кечинде Хамас Газа тилкесинде каза болгондордун саны 11 180ге жеткенин жарыялады.

Ссылка: https://barometr.kg/izraildin-premer-ministri-gaza-tilkesinde-ok-atyshuunu-toktotuunun-zhalgyz-shartyn-zharyyalady



Добавить комментарий