Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусунан улам абактан ооруканага которулду

13 декабря 2018 14:43 1015 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу  “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов barometr.kg сайтына билдирди.

"Бүгүн консилиум болуп, Өмүрбек Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлуп, Улуттук кардиология борборуна которулду" - деди Шыкмаматов.

Өмүрбек Текебаев 2018-жылдын 31-июлунда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган. Августтун этегинде онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуш кылышкан. Бирок саясатчы макулдугун берген эмес. Текебаевдин стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу ал 14-сентябрда кайра ооруканадан №47 колонияга которулган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет. 

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-abaktan-oorukanaga-kotoruldu



Добавить комментарий