Текебаевдин 2020-жылы февралда жатак абакка которулары айтылды

24 январь 2019 14:01 1172 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын февраль айында жатак абакка которулат. Бул тууралуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Текебаевдин буга чейин абакта олтурган күндөрүн эсептегенде, жатак абакка которуу сунуштамасы 2020-жылдын февраль айларына туш келет. Ата-Мекен партиясынын лидери жатак абактагы шартка ылайык, жумасына бир жолу каттоодон өтүп турары айтылды.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев Мегакомго байланыштуу коррупция менен айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaevdin-2020-zhyly-fevralda-zhatak-abakka-kotorulary-ajtyldy



Добавить комментарий