Европалык дарыгерлер тобуна Михаил Саакашвилинин ден соолугун текшерүүгө уруксат берилди

13 июль 2023 08:43 444 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Польшалык дарыгерлер тобу Грузиянын камактагы мурдагы президенти Михаил Саакашвилини комплекстүү медициналык текшерүүдөн өткөрө баштады. Бул тууралуу шаршемби күнү кечинде Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий соцтармактагы баркачасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр”  билдирет.

 "Биз досторду кыйынчылыкта калтырбайбыз. Менин сунушум боюнча польшалык дарыгерлер тобу Грузияда президент Михаил Саакашвилини комплекстүү медициналык кароодон өткөрө башташты", — деп жазды Моравецки Twitter баракчасына. 

Саакашвилинин адвокаты Дито Садзаглишвили жарым жыл мурун Евробиримдик жиберген дарыгерлер тобуна абактагы Саакашвилини көрүүгө уруксат берилгенин бышыктады.   

"Алты айлык кечигүүдөн кийин өкмөт акыры дарыгерлерге Саакашвили менен ооруканага барууга уруксат берди. Медициналык миссияны Евробиримдик түзгөн. Алар анын абалын изилдеп, андан соң жыйынтык чыгарышат", — деди адвокат.     
Саакашвилинин ден соолугуна жана камактагы дарылануусуна байланыштуу тынчсыздануу өткөн аптада ал видеобайланыш аркылуу сот отурумуна катышкандан кийин башталды.     
Андан соң Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын элчисинен Саакашвилинин Украинага кайтып келиши боюнча Тбилисиде кеңешүү үчүн Киевден кетишин талап кылган.       

Буга чейин, көз карандысыз эксперттер саясатчы абакта отурганда пайда болгон оорулардан улам каза болушу мүмкүн деп ырасташкан. Бирок, грузин бийликтери Саакашвилиге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтууда.
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/evropalyk-darygerler-tobuna-mihail-saakashvilinin-den-soolugun-teksherg-uruksat-berildi



Добавить комментарий