Текебаев улуттук кардиология борборуна жаткырылды

1 август 2018 23:25 1304 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

“Ата Мекен” партиясынын  лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды.  Бул туурасында  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

"Текебаев өзүн жаман сезип, ден-соолугу начарлап кеткендиги үчүн жаткырылган жок, ал дарыгерлердин кеңеши менен ооруканага жатыш керек экен"-деп билдирди анын жактоочусу. 

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертиш үчүн ооруканага убактылуу которууну анын жакындары өтүнгөн. Ошондой эле парламентте дагы каралып, анын ден-соолугуна байланыштуу медициналык кароодон өтүшү керек деп кол топтошкондору айтылууда. 


Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылы февраль айында камалган. Ага өнөктөш болгондор менен бирге 1 млн доллар пара алган  деген айып тагылып, сот сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-uluttuk-kardiologiya-borboruna-zhatkyryldy



Добавить комментарий