Текебаев улуттук кардиология борборуна жаткырылды
“Ата Мекен” партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Текебаев өзүн жаман сезип, ден-соолугу начарлап кеткендиги үчүн жаткырылган жок, ал дарыгерлердин кеңеши менен ооруканага жатыш керек экен"-деп билдирди анын жактоочусу.
Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертиш үчүн ооруканага убактылуу которууну анын жакындары өтүнгөн. Ошондой эле парламентте дагы каралып, анын ден-соолугуна байланыштуу медициналык кароодон өтүшү керек деп кол топтошкондору айтылууда.
Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылы февраль айында камалган. Ага өнөктөш болгондор менен бирге 1 млн доллар пара алган деген айып тагылып, сот сегиз жылга эркинен ажыраткан.
Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-uluttuk-kardiologiya-borboruna-zhatkyryldy
Добавить комментарий ×