Кыргызстанда 8 235 адам абакта жатат
Бөлүшүү:
Кыргызстанда абакта жаткандардын саны 8 235 адам. Бул тууралуу бүгүн, Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, түзөтүү мекемелеринде 4 миң 688 адам кармалууда, колония жатак абактарында 1 миң 817 киши бар, анын ичинде 937 адам издөөдө жүрөт.
“Убактылуу кармоочу жайда 1 760 адам сурак берип жатат, анын 248и аялдар, 28и жашы жете электер”,-деп маалымат берди министрдин орун басары.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-8-235-adam-abakta-zhatat
Добавить комментарий ×