Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алыш үчүн сотко кайрылды

23 июнь 2021 18:13 2374 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна анын укуктарын калыбына келтирүү боюнча кайрылды. Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүүнү талап коюуда. Бул тууралуу  соттун маалыматына шилтеме берип "Барометр" кабарлады.

Биринчи май райондук канцеляриясынан сот жыйыны 25-июнда болорун маалымдашты.    

Эскерте кетсек, Жогорку Сот депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Борбордук шайлоо комиссиясы бул токтомду аткарган. Жогорку Кеңештеги Текебаевдин ордуна Шерали Абдылдаев депутат болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-deputattyk-mandatyn-kajtaryp-alysh-chn-sotko-kajryldy



Добавить комментарий